• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

21 Баш оона 2019 21:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

22-августта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30…+35 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын аймагында +22…+27 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +32…+34 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +21…+23 градус жылуу болору айтылды.

Количество просмотров: 3