• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

22-кабаттан кулап, аман калган 14 жаштагы кыз мас абалында болгон

31 Үчтүн айы 2022 18:43 Бишкек Govori.TV

Москвада 22-кабаттын терезесинен кулап кеткен окуучу кыз мас абалында болгон. Бул тууралуу REN TV телеканалы өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Телеканалдын маалыматына караганда, 14 жаштагы кыз аман калган.

Окуя болгон учурда ал кечеде болгон. Анын организминен спирттин издери табылган.

Жабырлануучуга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Мындан тышкары, дарыгерлер баш мээнин травматикалык жаракатын, курсактагы жаракаттарды жана дагы бир топ жараттарды алганын кабарлашкан.

Окуя 30-январь, жекшемби күнү болгону кабарланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кыз балкондон башка жакка өтүү аракетин кылган. Аны кармап турган классташынын күчү жетпей калган.

Количество просмотров: 1756