• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвада 150дөн ашуун тажик мигранты кармалды

31 Бугу 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

30-май күнү таң эрте Москванын “Митино” метросунун жанынан 150дөн ашуун тажик мигранты кармалды. Мигранттар “Озоди” радиосуна жөнөткөн видеодо аларды түн ортосунда ойготушуп, төрт автобус менен Митинск районунун ички иштер бөлүмүнө жеткиришкенин айтышкан.

Кармалган мигранттар “Митино” метро станциясынын жанында курулушта иштешкен.

Орус тарап бул окуяга комментарий берген жок. Тажикстандын Москвадагы элчилиги кырдаал көзөмөлдө экенин кабарлады.

Акыркы жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар көбөйдү. Айрым мигранттар бул тажик мигранттарына каршы пландалган кампаниянын бир бөлүгү экенин айтышууда.

Бир жума мурун ушундай эле окуя Москва облусунун Котельники шаарында болгон. Жергиликтүү тургундар видеокайрылуу жасап, анда шаар “тажик анклавына” айланып баратканына, мигранттар балдар стадионуна отурукташып, коомдук тартипти бузганына нааразылыгын билдиришкен. Андан соң полиция рейд жүргүзүп, 100дөн ашык мигрант кармалып, мечит жабылган.

29-майда Москванын Можайск районундагы мектептин стадионунда ондогон тажик мигранттары кармалган. Аларга өлкөдө жүрүү эрежесин бузган, майда бейбаштык жана милиция кызматкеринин буйругуна баш ийбеген деген айыптар тагылган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьевди чакырып, тажик мигранттарынын жапырт камалышын талкуулаган. Тажик тарап Москвага кайрылып, окуяларды териштирүүгө чакырган.

Количество просмотров: 126