• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвадагы жапырт мушташка кыргызстандыктар да аралашканы кабарланды

20 Бирдин айы 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармады. Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын сайты 19-февралдагы жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканын жазды.

Азырынча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктардын кармалганы боюнча маалымат тарата элек.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Количество просмотров: 5620