• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлшайыр Садыбакасовадан депутатка жооп «Менин жумуштан кетүүмдү министр чечет

10 Бештин айы 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы парламентте маданият тармагындагы кадр маселесин, анын ичинде Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы тууралуу кеп козгогон. Ал филармониянын имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн, имарат жараксыз абалда турганын айткан.

"Аброюма шек келтирди". Гүлшайыр Садыбакасова депутаттан кечирим суроону талап кылды

Аида Исатбек кызы 22 жылдан бери Гүлшайыр Садыбакасова директор болуп иштесе, бюджеттин акчасы кайда жумшалганына кызыгып, кадрларды кайра карап чыгуу керек деп белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси Гүлшайыр Садыбакасова депутаттын билдирүүсүнө жооп берди. Ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү калтырып, куру доомат койгону үчүн депутаттан кечирим суроосун талап кылды.

"Аброюма шек келтирди". Гүлшайыр Садыбакасова депутаттан кечирим суроону талап кылды

«Менин жумуштан кетүүмдү министр чечет! Кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү миң түмөн иштеримдин бирөөсүн да сен жасай албайсың! Бирок эки ай мурда министр Алтынбек Аскарович, министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев үчөөбүз олтурганда «мен ден соолугума байланыштуу жаңы жылдан кийин уруксат берсеңер жумуштан кетейин, ордума тактыктуу балдардан коёлу» деп сүйлөшкөнбүз. Сенин мага жөнсүз, куру жалаа менен асылууңдан кийин негедир кайра чыйралып, улуу аталарыбыз Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев, Эрнис Акрамовдордой болуп жашым бир топко барганча иштей берсемби деп да ойлонуп калдым. «Эл тааныган аброюума шек келтирип, ак жерден каралап 22 жылдан бери иштебей олтурат» деген жалган жалаа, куру дооматың үчүн, менден кечирим сурооңду талап кылам!», — деп жазат.

50 жылдан бери иштеп келе жаткан маданият өкүлү филармонияга кантип кегенин айтып өттү.

«2000-жылы Ош облусунун ошол кездеги губернатору Темирбек Акматалиев менин каршы болгонума карабай «ызы-чуусу, жаңжалы, тирешүүсү токтобогон Ош филармониясынын жамаатын ынтымакташтырып, мекемени өнүктүрүп бериңиз» деп суранып директорлукка алып келген. Эки жылда коллективди ынтымакташтырып, бириктирип, жагымдуу атмосфера түзө алдым. Аталган мекеменин ишин алга жылдырууда, материалдык-техникалык жана адистик-чыгармачыл базасын чыңдоодо тыным албай эмгектендим. Өз ишимди чоң жоопкерчилик менен аткарып, филармониянын концерттик ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн үстүндө талбай иштегендигимдин натыйжасында жалпы көркөм жамаат бир нече эл аралык, республикалык фестивалдарга кароо-сынактарга, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, ийгиликтерди жаратып, Орто Азияга, чет өлкөгө таанымал маданият мекемесине айланды», — дейт Садыбакасова.

Эл артисти 22 жылдан бери Ош филармониясын өнүктүрүү үчүн көптөгөн олуттуу жумуштар аткарылганын, алардын айрымдарын тизмектеди.

  • 2000-жылы «Ош-3000» мамлекеттик дирекциясы тарабынан солгундап, токтоп калган оңдоп-түзөө иштеринин темпин тездетип, акча каражат таптырып, 28 милион сомдук бүтпөгөн курулуш иштери толук кандуу бүткөн;
  • 2001-жылдан тартып филармонияга элдик таланттарды тартуу, көркөм топторду көбөйтүү, чыгармачылыктын деңгээлин көтөрүү, концерттик ишмердүүлүктүн сапатын жакшыртуу, аракеттердин натыйжасында, залкар комузчу, Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Болуш Мадазимов, Эл артисттери, обончулар Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев, Эмгек сиңирген артисттер Кудаш Темиров, Абдыманап Төрөбеков, Апаз Жайнаков, Фахридин Баяков, элдик коллектив «Кыз-Бурак» тобу, белгилүү ырчылар Темир Назаров, Замир Мырза иштөөгө тартылды;
  • 2021-2022-жылдары филармониянын 58 штаттык бирдигин Ош менен Бишкектин ортосунда чуркап, кадыр-баркымды салып жүрүп 150 штаттык бирдикке көбөйттүм. Натыйжада Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын жалпы көркөм жамаатынын чыгармачылык деңгээли бийиктеди. 18 адамдан турган ансамбль-оркестр 40 адамдан турган эл аспаптар оркестрине айланды. «Санат-ордо» эл шайырлар тобу, эстрада бөлүмү, «Адеми» кыргыз улуттук бий топторун жаңыдан түздүк;
  • 2001-2002-жылдары Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын 1998-жылы жеке ишкер тарабынан менчиктештирилип кеткен 35 сотых жер тилкесин кайтарып алуу боюнча тынымсыз күрөшүүнүн натыйжасында жер тилке филармонияга толук кайтарылып алынды;
  • Атайын каражат иштеп табууга 2000-жылы 33 миң сом пландалган болсо, бүгүнкү күндө атайын каражат иштеп табуунун көлөмү 900 миң сомго көбөйтүлдү. Эгерде Аида Изатбек кызы Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда талкаланган клубдарды кайра калыбына келтирсе, жогорудагы көрсөткүчтү 9 миллион сомго көбөйтсө болот;
  • 2000-жылда филармониянын 350 миң сомдукматериалдык-техникалык базасы азыркы күндө 20 миллион сомдук материалдык-техникалык базага көбөйтүлдү. Жалпы көркөм жамаат катуу-жумшак инвентарлар, музыкалык аппаратуралар, концерттик формалар, жарык берүүчү техникалар, музыкалык аспаптар менен жабдууланды;
  • 2003-2008-жылдар арасында Ош шаардык муниципиалдык турак жайларда жашап жаткан 28 өнөрпоздордун үйлөрү көптөгөн аракеттердин натыйжасында үй ээлерине менчиктештирилип берилди;
  • Унаасы жок, концерттерге чыга албай көп жыл кыйналган жамаатыбыз 2016-жылы микро автобус менен камсыздалды;
  • 2018-2019-жылдары көп жылдар бою иштебей, кышында кыйналып, суукка тоңгон жамаат үчүн жылуулук берүү системасы жаңыдан курулуп, Ош шаардык ЖЭБге туташтырылды;
  • 2008-2011-2016-жылдарда Ош филармониясы «Жылдын мыкты филармониясы» деп таанылган;
  • Жамаатыбызда кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон 6 өнөрпоз КРнын Эл артисти, 8 өнөрпоз Эмгек сиңирген артисти, 6 өнөрпоз маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамдарына, 1 өнөрпоз «Даңк» медалына, 1 өнөрпоз «Даңк» орденине, 27 өнөрпоз «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине, 15 кызматкер Маданият министрлигинин «Аардак грамотасына» татыктуу болушту.

Булак: «Кактус медиа»

WWW.NET.KG
Количество просмотров: 1171