• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жайкы каникулда 35 мектепте балдарга лагерь ачылат

6 Кулжа 2018 11:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018.Govori.TV.
Жайкы каникулда 35 мектепте балдарга лагерь ачылат
2018-жылдын 4-июнунан 29-июнуна чейин Бишкекте 35 мектепте 7 жаштан 12 жашка чейинки балдарга лагерь ачылат. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гузель Турдубаева  Govori.TV агенттигине билдирди.
«35 мектепте 3700 бала саат 8 ден түшкү саат экиге чейин эс алышат. Бир балага күнүнө 44 сом, 2 маал тамактануусу кошулган. Мектеп программасына жараша лагерь башчылары иш алып барат. Алардын ичинде жүзгө жакын ар кандай кружоктор болот. Балдардын жашына карап бөлүп, сейилдөө паркына , театрларга, музейлерге алып барышат»,- дейт Гузель Турдубаева
Расмий ачылышы 7-июлда өтөт.
Балдардын коопсуздугу үчүн лагерь башчысы, соц педагог, тарбия завуч, ИДН, ГАИ инспекторлору балдарды коштоп жүрүшөт. Андан тышкары бир мед.айым же мед врач иштейт. Ачылыштан мурун 29-30-май күндөрү РСОнун комиссиялары баланын туура тамактануусу, коопсуздуктары алдын ала текшерилген.
Количество просмотров: 44