Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.
23-июлда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Таласта +31…+36, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +33…+38 градуска жетет.
Ысык-Көлдө +24…+29 жана Нарын аймагында +25…+30 градус болору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ош шаарында +36…+38, Бишкекте +35…+37 градус ысыйт.