• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

23-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

22 Теке 202016:04 Бишкек Govori.TV

23-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+3, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36 градус болот.

Количество просмотров: 41