• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

23 өлкөнүн лидерлери пандемия боюнча глобалдык келишимге кол коюуну сунушташты

31 Жалган куран 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

23 өлкөнүн лидерлери менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемияга каршы күрөшүү боюнча глобалдык келишимге кол коюуну сунушташты. Алардын арасында Улуу Британия, Германия, Франция жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр бар.

Документте бир дагы мамлекет же бир дагы эл аралык уюм пандемияны өз алдынча жеңе албай турганы белгиленип, глобалдык келишим өлкөлөргө өзгөчө кырдаалдар тууралуу кабар алмашуу боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө жана профилдик иликтөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүшүүгө жардам бере турганы жазылган.

Келишимди сунуштаган өлкөлөрдүн лидерлери COVID-19 Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң көйгөй болуп калганын жана аны биргелешип гана жеңүүгө мүмкүн экенин билдиришти. Мындан тышкары алардын билдирүүсүндө вакциналарды чыгаруу жана калкты эмдөө иштерин тездетүү өтө маанилүү экени белгиленген.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирус жуктургандар 128 миллиондон ашып, дээрлик 3 миллион бейтап каза болду.

Количество просмотров: 59