• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта 24 жаштагы жигит классташын бычактады (видео)

13 Тогуздун айы 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Таласта эки жигит өз ара чатакташа кетип, бири экинчисин дүкөндө сатыкта турган бычак менен сайып жиберген. Бычак жеген 23 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында соода борборлордун биринде болгон. Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Видеодон биринчи жигит экинчисин кармап, улам токтотуп бара жатканын көрүүгө болот. Кийинчирээк узун бойлуусу экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жибергенин байкоого болот.

Милиция чатакташкандар классташ экендигин айтышып, шектүү Э. у А. 24 жашта, ал эми каза тапкан Ж.Н. 23тө экени маалым болду.

«Окуя туурасында бычак сайган жаран милицияга өзү кабарлаган. Учурда ал облустук убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти милициядан.

https://www.instagram.com/p/CGRM1UnjNi3/?igshid=6k9arrdluud
Количество просмотров: 537