• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

24-августта өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

23 Баш оона 2019 18:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.

Өлкөдө 24-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт.Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 12….17… күндүз: 23… 28°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 9….14….күндүз: 21…..26°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 15…20….күндүз: 24……29°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 10…..15….күндүз: 17……22°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 20….25°C;
24-августта Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 26……28°C, түнкүсүн 15 … 17°C.

Количество просмотров: 5