• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

24-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

23 Теке 202016:17 Бишкек Govori.TV

24-июлда түнкүсүн Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус болот.

Количество просмотров: 46