• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

24-июлга күтүлгөн аба ырайы

24 Теке 2018 8:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 24-июлда  Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30,
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градус болот.
Бишкекте өткүн өтүп турат. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° болот.
Количество просмотров: 18