Бишкек. 21.01.2019. Govori.Tv
ӨКМ жолдорго муз тоңуп тайгак болорун жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.
21-январдан 23-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди
Андан сырткары, ӨКМ жолдорго муз тоңуп тайгак болорун жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.