• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

24-июнда күтүлгөн аба ырайы

23 Кулжа 202413:16 Бишкек Govori.TV

24-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 31…33° болот.

Количество просмотров: 413