• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«24.kg» агенттигин 2 айга бөгөттө аракети болдубу?

26 Баш оона 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы 24.kg агенттигине каршы «Амбасодор» мейманканасы арызданган. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Асель Оторбаева өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган мейманкана маалымат агенттигине чыккан маалыматты чындыкка дал келбейт деп эсептеп, арызданышкан.

«Биз мыйзамды сыйлаган жарандар жана ЖМК мыйзамын сыйлаган журналисттер катары мейманканада болгон окуянын эки версиясын келтирдик. Бирок «Амбасодор» биздин үстүбүздөн арыз жазды. Маданият министрлиги тез арада сайтыбызды эки айга бөгөттө чечим чыгарган. Бизди эч бир аткаминер угууга аракет кылган жок. Чакырышкан жок, суроо беришпеди. Алар чечимди бизсиз, биздин артыбыздан чыгарышты. Бирок бардык провайдерлерге бөгөт коюу тууралуу билдирме жөнөттү», — деп жазат ал.

Оторбаева кошумчалагандай, бир катар териштирүүлөрдүн натыйжасында Маданият министрлиги жогоруда чыккан чечимди кайра чакыртып алган.

Ал эми бул маселе боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан жооп алуу азырынча мүмкүн боло элек.

Количество просмотров: 132