• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

24.kg сайтынын редактору УКМКга суракка чакыртылды

3 Жалган куран 202312:15 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин редактору Анастасия Мокренко агентик жайгашкан RedCentre соода борборуна коюлган бомба боюнча УКМКнын Бишкек башкармалыгына суракка чакырылган.

Маалымка ылайык, кызматкерди жумуш убактысында редакциядан алып кетишкен. Эч кандай чакыруу кагазы болгон эмес. Бул 2-мартта болгон.

Кошумчалангандай, Мокренко 2023-жылдын 20-январында бир нече басылмалардын редакциясына жардыргыч заттар коблганы тууралуу маалымат келип түшкөнү боюнча күбө катары суракка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 81