• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

24-октябрда күтүлгөн аба ырайы

23 Тогуздун айы 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

24-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде катуу жаан-чачын болот.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1….6,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11 градус болот.

Количество просмотров: 84