Кант шаарында 24 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.
Кырсык 7-сентябрда кечки он бирден өткөн маалда Канттагы 2-кичирайондогу үйлөрдүн биринин короосунда болгон.
Арактын айынан чыр-чатак чыгып, эки жаран 24 жаштагы Ш.В. аттуу адамга бир нече жолу бычак сайышкан. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, ооруканадан эсине келбей каза болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 37 жаштагы М.Р., 34 жаштагы Б.М. аттуу адамдарды кармашып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.