• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

25-июлга күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

25 Теке 2018 9:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 5-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен облусунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.Бул тууралуу кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,
Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 31…37,
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Сүрөт:Дайырбек Орунбеков

Количество просмотров: 14