• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

25-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24 Жетинин айы 2020 14:53 Бишкек Govori.TV

25-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын дубандарында ​түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 1…3 градус болот.

Количество просмотров: 480