• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

25 жылда араң диплом алган Сүйүмбаев суракка чакырылды

16 Үчтүн айы 2019 14:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2019.Govori.TV.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев кылмыш ишинин фигуранты болушу мүмкүн. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кечээ мурдагы чиновник экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылган. Бирок, «финпол бул маалыматты тастыктаган дагы жокко чыгарган дагы жок» дейт аталган маалымат агенттик.

www.24.kg

Эске салсак, Болот Сүйүмбаев физкультура жана спорт Академиясынын дипломуна 25 жыл окуп ээ болгон. Бул маалыматты мурдараак аталган жогорку окуу жайдын ректору Токтобек Иманалиев дагы тастыктаган.

Тактап айтканда, Болот Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы тапшырып, эки жолу окуу жайдан чыгарылып, 2012-жылы тактап айтканда 25 жылдан кийин аяктаган. Бул учурда ал президенттик аппаратта иштеп жаткан

Количество просмотров: 16