• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

26-июнда «Дордой» тажикстандык «Хужанд» менен беттеш өткөрөт

24 Кулжа 201910:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын «Дордой» футбол клубу Азия футбол конфедерация Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында тажикстандык «Хужанд» менен беттеш өткөрөт.

Беттеш 26-июнь күнү Бишкектин борбордук стадионунда өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн шаршемби, 19-июнь күнү «Дордой» түркмөнстандык «Алтын Асыр» менен ойноп, 1:3 эсебинде утулуп калган. Беттеш Түркмөнстанда болуп өткөн.

Ошентип бир беттешинде тең чыгып, үчөөндө жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болгон «Дордой» өз тайпасында акыркы орунда туруп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Количество просмотров: 27