26-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16,
Бишкекте түнкүсүн 6…8, күндүз 24…26 градус жылуу болот.