26-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;
Бишкек шаарында түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус болот.