• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

27-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

26 Кулжа 2019 18:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Эртең, 27-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36 градуска чейин ысык болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекшаарында күн ачык болот, түнкүсүн 17…19, күндүз 34…36 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 6