«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскертти. Тоолуу райондордо, кан жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкек шаарында 27-мартта жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14° градусту түзөт.