• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

27-мартта күтүлгөн аба ырайы

26 Жалган куран 2024 15:26 Бишкек Govori.TV

27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Бишкекте кечке маал бир аз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 614