• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

28 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

23 Теке 202215:16 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда сууга чөгүп кеткен 28 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат районунда 22-июль күнү Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу эркек киши Найман суу сактагычына чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те сөөгү табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 1514