• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акылбек Жапаров алтындын баасы дүйнөлүк рекорд койгонун айтты

17 Теке 202415:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында алтындын баасы дагы бир дүйнөлүк рекорд коюп, бир троя унциясы 2480 долларга жеткенин айтты.

Жапаров муну менен мурда анча рентабелдүү болбогон көптөгөн алтын кендерди иштетүү үчүн позитивдүү чөйрө түзүлүп жатканын жыл башынан бери 21 пайызга жоргулаганын белгиледи.

«Бирок эң негизгиси алтындын баасынын жогорулашы Кумтөрдөгү өндүрүштүн төмөндөшүнүн таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет. Биз жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпин күчөтүп, капиталдык салымдарды көбөйтүшүбүз керек, ири эл аралык долбоорлордо болобу, орто биргелешкен долбоорлордо болобу, келип жаткан чет элдик инвестицияларды жигердүү өздөштүрүшүбүз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 81