• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат

24 Баш оона 2018 9:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.08.2018.Govori.TV.
Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу маселесин Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн карайт. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.
Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Андан тышкары, 2018 жылдын 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган.
Кубанычбек Кулматов  Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча козголгон кылмыш ишине ылайык, ”коррупция” беренеси менен камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган  маалда модернизациянын алкагында Бишкектин жаңы конушундагы мектепти курууда каржылык мыйзам бузууга барганы тергөөдө аныкталган.
Количество просмотров: 29