• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

29.03.2018. Күндүн ыргагы. Атамбаев-Жээнбеков тандеминдеги мандемдер

29 Жалган куран 2018 20:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.03.2018. Govori.TV
Алмазбек Атамбаев Президент болуп келген  маалда азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Оштун губернатору эле. Ал орунда көп жыл отурду. Бирок, күндөрдүн бир күндөрүндө партиялашы, эзелтен келаткан санаалашы катары саналган аны президент Оштон алып келип, Президенттик аппараттын башчысынын орун басарына орноштурду. Бирок, ал жерде экинчи адам болуп отуруу  Сооронбай Шарипович үчүн кыйын болду окшойт, аз өтпөй эле боюн ала качып, Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп кетти. Ал арада Өкмөт башчылыкка келген Темир Сариев буту-бутуна тийбей иштеп, күнү-түнү күжүлдөп, Бир жагынан өлкөнү ЕАЭБке киргизип, бир жагынан аймактарды кыдырып, таскагы катуу чыга баштады.
Мындан улам, Президент кийинки шайлоону алдына алууну көздөдү дагы “кол парламенттин”  колун толгоп туруп, Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка алып келген. Ошондо эле “Президенттикке алып барат экен, даярдай баштаптыр” деген шыбыр кетип, эл ишенип-ишенбей жүргөн. Себеби, Атамбаев айткандай, ал кезде Сооронбай Жээнбековдун лидер катары, саясатчы, мамлекеттик ишмер катары рейтинги абдан төмөн эле…
Кийин баары чындыкка айланды. 2017-жылдын күзүндөгү шайлоодо Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары Президент болуп шайланды. Элдин көпчүлүгү колдоп бергени чын. Чынын айтыш керек, буга Алмазбек Атамбаев менен бирге эле жаңы президенттин тууган-туушкандарынын, тарапташтарынын да каржылык, саясий колдоосу күч болду. Шайланган соң Сооронбай Жээнбеков биринчи указы менен Алмазбек Атамбаевге эң жогорку наамды-Кыргыз Респуликасынын Баатыры наамын ыйгарды. Эл мында чалкасынан кетип, “өлкөнү шайланган президент эмес эле, мурдагы президент башкарат турбайбы…” деп шаабайлары сууй түштү.
Бирок, орун-очок алып алган Сооронбай Жээнбеков кыштын орто ченинен тарта айланып келген Президент кыштын аягынан тарта өзүнүн мүнөзүн көргөзө баштаган. Ал чу дегенде эле Коопсуздук Кеңешинин жыйынын чакырып, анда өлкөдө коррупция күч алганын, сот системасы элдин үмүтүн соолутуп жатканын, жемкорлук менен күрөшүүчү органдар өздөрү паракорчулукка белчесинен батып, ишкерлер менен карапайым адамдардын жонунан кайыш тилип калганын так кесе айтып, абалды жакшыртуу үчүн прокуратура, УКМК, ИИМ баштаган тиешелүү органдарга мөөнөт берип, соттордун чечимдерине чейин кирише турганын айтып, коомчулукту “солк” эттирген. Бул «керегем сага айтам, келиним сен ук» болуп, коррупция менен катуу күрөштүм деп жүргөн Алмазбек Атамбаевди чыкыйга чапкандай эле болду. Элде үмүт пайда болгон. “Семирип алгандар” сестене түшкөн…
Бирок, мыйзамдык алкактан алып караганда былтыркы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык Президент таяна турган жападан жалгыз рычаг эле-Коопсуздук Кеңеши экен. Анан албетте, эл. Болбосо, Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай Өкмөттү алмаштырууга, УКМКнын башчысын, Башпрокурорду кызматтан алууга, министрлерди кызматтан кууп чыгууга кудурети жок эле. Ал колу-буту тушалган күлүктөй ордуна гана тегеренип турду да калды.
Абал мындай болгон шартта эс алуудан кайтып келген Алмазбек Атамбаев саясатка капыл-тапыл аралашууну чечкендей таасир калтырды. Ал “КСДП партиясынын курултайы ана өтөт, мына өтөт” деген айың кептерден улам билинип турду. Ошондой эле экөөнүн жолукканы, ортолору сууй түшкөнү тууралуу да каңшаарлар каптап, саясий процесстер эмнегедир тездечүдөй туюулуп калган.

Ортодон Фарид Ниязов кызматынан кетти, анан Мискенбаев Жээнбековдор үй-бүлөлүк башкарууга  барбашы керектигин, иниси Жаныш Бакиев болбошу керектигин айтып койду.

Аңгыча эле, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу тууралуу маалымат чыкты. Эл арасындагы ар кандай күдүк ой, ушак сөздөргө чекит коюуну чечкен экен деп ойлодук. Жок, көрсө бул маалымат Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнөн мурун акыркы жылдары экс-президенттин аппарат башчысынын айтканын аткарып калган маалымат сайттарынын бирине чыкты. Чыкканда дагы “А. Атамбаев встретился с С. Жээнбековым” деп чыкты. Эч бир эрежеден тыш, этика менен протоколдон сырткары тема менен. Болбосо, өлкө башчысы экс-президентти кабыл алды деп чыгышы шартка ылайык келмек.  Андан дагы экөө КСДПнын алдыда боло турган курултайы, төрага шайлоо боюнча сүйлөшкөндүгү учкай кыстарылып кеткен. Ушул маалымат чыккандан кийин гана Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы жолугушуу болгонун моюндап, бирок, “бул пресса үчүн эмес эле…” деп кыйылып туруп калышты.
Эми талдап көрөлү. Алды менен мындай маалымат, бул жолугушуу кимге керек? Албетте, Алмазбек Атамбаев жана анын Фарид Ниязов башатаган командасына. Биринчиден, алар эртеңки курултайда Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шыр алып өтүүнүн аракетин көрүп, кыйылып турган ксдпчыларга “Эки шеф сүйлөшүштү, бир чечимге келди, уккан жоксуңарбы?” деп аргумент катары кармашаары турган иш. Экинчиден, бул маалымат каражаттары кимдин таасири экендигин коомчулукка көргөзүп, азыркы президенттин абалынан кабар берүү аракети болушу да мүмкүн.
Сооронбай Жээнбеков-Алмазбек Атамбаев  тандеминдеги дагы бир мандем бүгүн КТРКнын “ой Ордо”көрүмдүү программасынан “Кландук башкаруу эмнеге алып келет?” деген суроого жооп изделе турган болду. Бул деген кечээки КСДПчы Мээрбек Мискенбаевдин  “Фарид Ниязов айткан, Асылбек Жээнбеков агасы президент болсо мандатын тапшырмак. Ака-үкө деген болбошу керек, кландык башкаруу эмнеге алып келээринен Жээнбековдор сабак алышы керек…” деген билдирүүлөрүнө куп дал келип турат. Алты жылдан бери мындай кландык башкаруу боюнча бир теле көрсөтүү даярдабаган коомдук каналдын чукул арада эле мындай кетишинин себеби түшүнүктүү болуп калды. Бүгүн, мамлекеттик каналдар дагы Президентке анчалык баш ийбей турганы билинди. Баса, Президенттин Коопсуздук Кеңешиндеги айткан-дегендери да улуттук биринчи каналдан үстүртөн чагылдырылганын убагында эксперттер дароо айтып чыгышкан эле…
Тандемдин дагы бир мандеми-Алмазбек Атамбаев астролог айтып чыккандай саясий карьералык өзгөрүүнү жасай турган болсо ал чукул арада Өкмөт башчылыкка келип алуунун аракетин көрүшү мүмкүн. Азыр коомчулукта мындай күбүр-шыбыр күчүндө. Ансыз да шайы ооп, жаны кашайып турган Сапар Исаковду эртең парламент чаап түшүрүп, КСДПнын сунушу менен көпчүлүк коалиция колдоп Өкмөт башчы кылып койсо, эч ким тоскоолдук да кыла албайт, мыйзам да бузулбайт. Азыр парламентте Алмазбек Атамбаевди колдоочулар жетиштүү, буйлаланган төөгө окшоп, “Бирбол”, “Кыргызстан”, “КСДП” партиялары отурушат. Ошондой эле “Республика-Атажуртта” да жетекке боштор жетишээрлик. Анын үстүнө УКМК тарабынан Өмүрбек Бабановго экинчи иш-оор  берене менен кылмыш ишинин ачылышы да кокустук эместей. Көмүскөдөгү партлидерге соодалашуу менен эртең “РАЖ” партиясын эпке келтирип алышты дегиче, Өкмөт башчылыкка А. Атамбаевдин келиши толук мүмкүн болуп калды.
Кыскасы, кырдаал өтө ыкчамдык менен алдыга жылып баратат. Алмазбек Атамбаев мурда сөз бергендей эски саясатчылардын баарын аренадан сүрүп чыкты, эми кайтып келиши да толук мүмкүн. Колдоо жетишээрлик, мыйзам тууралаган, оппозициянын “о” тамгасы жок. Жалгыз гана аны тизгиндей турган нерсе бул-анын абийри менен ынсабы! Анткени, Алмазбек Атамбаев башкарган алты жылда Кыргызстандын тышкы карызы теке секирик менен көбөйдү, өлкөдөгү инвестициялык абал оңолгон жок, Кумтөр боюнча жаңыча келишим түзүлбөдү, ТЭЦ баштаган коорупциялык чуулгандуу иштер орун алды. Оппозицияны жалган каралоолор, күчтөп камоолор жүрдү. Кадрдык саясатта болуп көрбөгөндөй жүрүштөр болду.  Андыктан, өзүнө карата сыйды сыйрып ыргытпоого кудурети жетээр бекен?!

Албетте, өлкө Президенти да элдин ишеничин мойнуна алган соң кош бийликтүү болууга жол бербей, өз аракетинен майнап чыгарганы оң. Азыр анын эл арасында рейтинги жогору, ТЭЦ сыяктуу чуулгандардан таза, парламентти да биргелешип иштешүүгө макулдата алат. Эрк гана керек!

 
Количество просмотров: 36