• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт

28 Чын куран 2023 9:21 Бишкек Govori.TV

29-апрелде республика боюнча жалпы ишембилик өтөт. Иш-чаранынын башкы уюштуруучусу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, акцияга министр Мелис Тургунбаев борбордук аппараттын кызматкерлерин жетектеп чыгат.

«Бардык жарандарды убакыттан пайдаланып кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Аталган акция 2022-жылы 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлгөн. Анда 133 миң 508 жаран адам катышып, 600 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.

Белгиленгендей, акция КР президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгынын алкагында өтөт.

Количество просмотров: 51