Бүгүн 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,
Ошто, Жалал-Абадда 14…19, күндүз 30…35,
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градуска жетет.