• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

-29°: ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

19 Жетинин айы 2020 18:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-21-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратуу менен кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

21-ноябрда абанын температурасы бир топ төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болот.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2…+3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 23435