Бишкек.28.10.2018.Govori.TV.
29-октябрь күнү өлкөнүн аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Гидрометеорология агенттигинин маалыматына таянсак, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17; Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16