• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

29 жыл ичинде бир нече жолу өзгөртүү сунушталган туу жөнүндө эмне белгилүү?

3 Жалган куран 2021 10:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта кыргыз туусунун туулган кунү. Ал 1992-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлорду — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Расмий маалыматтарга ылайык туу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.

Кызыл түс — бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.

«Күн — өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) — кыргыздын түпкү аталары делет» — деп чечмеленен автор өзүнүн маектеринин биринде.

Ал кырк нур — кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.

Түндүк — көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк — Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күн түндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды — көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.

Кошумчалай кетсек, туу 29 жыл ичинде бир нече жолу сынга алынып, өзгөртүү сунушталды. Алсак, 2005-жылкы революциядан кийин тууну түсүн өзгөртүу зарылдыгы айтылган. Кийин депутаттар туунун кызыл түсүн 2010-жылдагы кан төгүүлөргө айыпташкан. Мамлекеттик кызыл тууну көк түстөгү тууга алмаштыруу сунушу буга чейин Конституциялык кеңешменин жыйынында дагы сунушталган болчу.

Количество просмотров: 84