• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

3,5 миллион алдап кеткен шектүү аял кармалды

11 Жалган куран 202517:15 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери интернет аркылуу жасалып жаткан кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында, QRAX санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен Гүлзат аттуу аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгүн аныкташкан.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Өзгөн районунун И.Г. аттуу тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн 27 кылмыш ишин жасагандыгы, жарандарга жалпы суммасы 3 млн 534 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталды.

Жалал-Абад шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 180