• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

3 айдын ичинде 614 жол кырсыгы катталып, 780 жаран жабыркап, 14 жаран каза болгон

15 Чын куран 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматында 1-чейректи жыйынтыктоо боюнча башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаковдун, полктун командири Канат Жумаевдин, ошондой эле бөлүм башчылары жана рота командирлердин катышуусунда ыкчам кеңешме болуп өттү.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде 785 кылмыш жана жоруктар аныкталып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын ичинен:

— адам өлтүрүү — 3;

— каракчылык — 4;

— тоноо — 22;

— уурдоо — 56;

— бейбаштык — 329;

— зордуктоо — 19;

— денеге залал келтирүү — 19;

— алдамчылык — 19;

— баңгизат — 1;

— үй-бүлөлүк зомбулук — 249;

Башка кылмыш жана жоруктар 51.

Ошондой эле кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде “102” линиясы боюнча 18 миң 728 ар кайсы багыттагы чакыруулар ыкчам тейленип, анын ичинен 10 миң 83тү такталып, 7 миң 894 чакыруу такталган эмес.

Ал эми катталган жол кырсыктары боюнча Бишкек шаарынын аймагында 3 айдын ичинде 614 жол кырсыгы катталып, 780 жаран жабыркап, 14 жаран каза болгон.

Жалпысынан жол кырсыгынан өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу жаракат алгандардын саны 3 адамга, ал эми каза болгондордун саны11 жаранга азайгандыгы байкалган.

Жыйындын соңунда Милициянын кайгуул кызматынын 3 айлык ишмердүүлүгү канааттандыраарлык деп табылды.

Количество просмотров: 63