• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

3-декабрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

28 Жетинин айы 201915:50 Бишкек Govori.TV

29-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

29-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-декабрда күндүз жана 3-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Количество просмотров: 138