Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
Россиянын Нижегородская облусунда жоголгон беш жаштагы кыз үч күндөн кийин токойдон тирүү табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазды.
Маалыматта айтылгандай, бөбөк табылары менен суу анан торт сураган. Ал бир аз жүдөп калгандыгы айтылат. Кызды дароо дарыгерлер карап, абалын орто деп баалаган.
Беш жаштагы бөбөк жекшемби күнү Төмөнкү Новгороддон бир аз алысыраак Степановка айылынан жоголгон. Аны издөөгө жүзгө чукул киши чыккан.