• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

3-майда аба ырайы кандай болот?

2 Бугу 202621:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 3-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Нарын облусунда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу жолдордо муз тоңушу күтүлөт.

Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу: Түнкүсүн +10…+15 °C. Күндүз +19…+24 °C.

Талас облусу: Түнкүсүн +6…+11 °C. Күндүз +17…+22 °C.

Баткен облусу: Түнкүсүн +12…+17 °C. Күндүз +20…+25 °C.

Ош, Жалал-Абад облустары: Түнкүсүн +17…+19 °C. Күндүз +20…+25 °C.

Ысык-Көл облусу: Түнкүсүн +6…+11 °C. Күндүз +19…+24 °C.

Нарын облусу: Түнкүсүн +4…+9 °C. Күндүз +16…+21 °C.

Количество просмотров: 197