«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 3-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 7…12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…11,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 13…18,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-2° болот.
3-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18° түзөт.