• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

3 жашар кыздын өлүмү: Анестезиолог менен медборбордун директору камалды

6 Жалган куран 2024 13:57 Бишкек Govori.TV

Ооруканада каза болгон 3 жашар кыздын окуясы боюнча анестезиолог кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары медициналык борбордун директору да кармалган.

Маалыматка ылайык, кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголгон. Милиция аны “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине өзгөртүп, ишти териштирүүнү улантып жатканы белгилүү болду.

Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча анестезиолог январь айынын ортосунда камакка алынып, Бишкек шаардык соту 31-январда аны үй камагына чыгарган. Кыздын жакындары соттун токтомуна нааразы болуп, бийлик жетекчилерине кайрылган.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган.

Теги:
Количество просмотров: 207