Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.
«КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилеринин айлык акысы коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыктан, бүгүн аталган компаниянын өкүлдөрү жетекчилик орто эсеп менен 157 миң сом акча алаарын айтты.
«Баардык компанияда ким канча акча алаары туурасында бири-бирине ачык айтылбайт. Бизде орто эсеп менен алганда айлык маяна 157миң сомду түзөт. Андыктан өзүңүздөр жыйынтык чыгарып алыңыздар»,-деп билдирди «КТ-Мобайл» компаниясынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу.