УКМК салык төлөбөй, документтерди жасап ташып келген товарларды легалдаштыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ич ара сүйлөшүп алып, Кыргызстанга ташылып келген памела, манго, маракуя, көк карагат, апельсин жемиштеринин товардык аттарын өзгөртүп алма деп көрсөтүшкөнү такталган.
«Мамлекеттик кызматкерлер бул мыйзамсыз иши үчүн акча алып, контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөнү белгилүү болгон. 28-мартта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын төрт (А.Т., К.А, Н.Б., А.А.), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир кызматкери (А.Б.) жана дагы бир адам (А.Ч) кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды», — деп жазылат маалыматта.