• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

412 адамдан вирус табылып, 3 бейтап каза болду

25 Үчтүн айы 20229:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 242;
  • Ош шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 91;
  • Ош облусунда – 9;
  • Талас облусунда – 5;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 12;
  • Жалал-Абад облусунда – 37;
  • Баткен облусунда – 12.

Акыркы суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду.

Количество просмотров: 76