• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

№47 колонияда тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган буюмдар алынды (тизме)

19 Баш оона 2019 13:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган буюмдар алынды.

Маалыматта айтылгандай, абактын кызматкерлери кызматтык иттердин жардамы менен тинтүү иш-чарасын 17-августта өткөрүшкөн.

Тинтүү учурунда 16 уюлдук телефон, 26 наушник, 2717 сом акча каражаты, 41 телефон кубаттагыч; 11 телефондун аккумлятору; 2 литр брага (алькоголдук ичимдик); 2 матал сейфи; 23 килем; 4 балта; 10 оюун каратасы; 6 плитка чыгарган каражат; 1 спираль; 1 Вай-фай роутер; 114 кесүүчү жана көзөөчү буюмдар; 10 метр аркан табылган.

Количество просмотров: 3