• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

47 миң долларды коркутуп талап кылган шектүү кармалды

3 Тогуздун айы 202417:45 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын сентябрь айынын аягында С.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда «Аю грант» соода борборунун жанында топ адамдар күч колдонуп, зомбулук менен коркутуп анын «Хундай» автоунаасын тартып алышканын жана дагы 47 300 долларын опузалап талап кылып жатышканын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Акчаны берүүдөн баш тарткан учурда уруп сабап ден соолугуна зыян келтирүү менен коркутуп жаткандары аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опуза талап) менен кылмыш иши козголду.

ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө талап кылынган сумманын бөлүгүн алып жаткан учурда 42 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалды.

Кармалган Т.М. ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоо жайына шектүү катары камалды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 342