Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан эркек кишини өлтүрүүгө шектелген жаран (аял киши) кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 9-октябрда саат 15:54 чамасында Новониколоевка айылында эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тобу барып, бычактан жаракат алган 49 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табышкан. Аталган факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Д.А.ны (аял киши) колго түшүрүштү. Кармалган жаран Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка шектүү менен маркум спирт ичимдигин ичишип, кийин уруш чыккан. Ал эми маркум алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.